17:13 27 сентября 2018

Бишкектеги №78 мектеп-гимназиясында Мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы №78 мектеп-гимназиясында Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Окуу жылынын башында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш планы бекитилген. Анын негизинде 6-сентябрда мектеп парламентинин окуучулары тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата маалымат такта уюштурулду.

15-сентябрда "Ала-Тоо" аянтында ата-энелер, класс жетекчилер жана окуучулар тарабынан “Менин тилге болгон мамилем” деген темада акция уюштурулду..

17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондук деңгээлде №78 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими Халида Токоеванын “Чыйыр башаты” аттуу поэзия кечеси өттү. Кечеде 5-11-класстын окуучулары Х.Токоеванын Ата Мекенге, эне тилге, Ч.Айтматовго арналган ырларын көркөм айтышты. Иш-чарага Биринчи май районунун билим берүү борборунун мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Ж.Ильясова, Тил комиссиясынын башкы адиси А.Ишеналиева, Кыргыз жазуучулар союзунун мүчөсү Ж.Газыбекова, “Манас эл” коомунун мүчөсү М.Бообекова, акын З.Жантаева жана ошондой эле Биринчи май районунун мектептеринин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышышты.

19-сентябрда 9-11-класстар арасында “Тил тазалыгы – дил тазалыгы” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго ата-энелер, 9-11-класстарынын окуучулары катышты. Анда тил жөнүндө омоктуу ойлор айтылып, тилди сактоого, кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырыктар болду. Ошондой эле 8-класстын окуучулары “Тил байлыгы – эл байлыгы” деген темада эссе жазышты.

22-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Салтанаттуу линейкага Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери конокто болушту. Салтанаттуу линейка Кыргыз Республикасынын атрибуттары (Гимн, Кыргыз Республикасынын Туусу) менен ачылып, окуучулар Мамлекеттик тил Гимнин ырдашты. Ошондой эле, мамлекеттик тил баяндама окулуп, акын-жазуучулардын кыргыз тилин даңазалаган ырлары көркөм айтылды жана Ч.Айтматовдун тил жөнүндөгү нускалуу ойлорун окуучулар сахналаштырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть