18:06 28 сентября 2018

ЖАМУда Карылар күнүнө карата кайрымдуулук иштери жүрүүдө

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессору Ш.М.Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын окутуучулук курамы жана «Социалдык иш» адистигинин студенттеринин демилгеси менен 1-октябрь – Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата 15 жалгыз бой жарандарга жардам көргөзүлдү.

Аталган кафедранын башчысы Гүлжамал Токтогулованын айтымында, ДМЧА жана улгайган жарандар бөлүмүндө каттоодо турган карылардын ичинен 15 жалгыз бой улгайган жаранды окуу жайга чакырып, моралдык жана материалдык колдоо көргөзүлгөн. “Студенттер атайын конокторго концерттик программа уюштуруп, майрамдык маанай тартуулашты. Алар дагы убагында мамлекеттин өнүгүүсү үчүн эмгектенип, социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошушкан деп ойлойм. Ошондой эле оорулуу адам көңүл бурууну, адамдардан мээримдүү мамиле күтүшөт. Андыктан даталуу күндөрү эле эстебей, башка убакта дагы каралашып, жардамыбызды аябасак”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү» токтомун жүзөгө ашыруу максатында кабыл алынган Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 30-апрелиндеги №66 токтомуна ылайык, ЖАМУда кайрымдуулук иштери улана берет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть