Ош технологиялык университетинин студенттери менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — шаарга жаңыдан келип, студенттик доорду баштаган студенттерге коомдук тартипти сактоого үндөө. Ошондой эле жалпы жаштарга учурда болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маалыматтар айтылды.