9:03 4 октября 2018

ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы тапшырылды

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 2-октябрда Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон инсандарга сыйлыктарды тапшырды.

Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович да «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы менен сыйланды.

Сыйлык тапшырып жатып, президент Ош мамлекеттик университети өз каражаттарынын эсебинен жаңы 12 окуу имаратын кургандыгын, бул Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларына жакшы үлгү болорун канааттануу менен айтып, педагогдорду кесиптик майрамы менен куттуктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть