Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен Ош мамлекеттик университети 3 жылдан тарта тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда.
Бул ирет Батыш Чех университетинен 16 студент академиялык мобилдүүлүк алкагында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинен билим алуу үчүн келишти. Эми алар 1 ай бою ОшМУнун студенттери катары билим алышат. Студенттер жогорку окуу жайдын билим берүү шарттары менен таанышып, ректор Каныбек Исаковдун кабыл алуусунда болушту.
Элдин меймандостугу, университет тарабынан студенттерге каралган шарттар чехиялык билим алуучуларга өзгөчө жаккан, андыктан 2017-2018-окуу жылында ОшМУга келип билим алып кеткен 8 студенттин экөөсү быйылкы жылы кайрадан келишти.
Ички жана сырткы академиялык алмашуу келечекте кыргыз жаштарынын чет элден билим алууга, тажрыйба топтоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Мындан улам октябрь айында Батыш Чех университетине окуу жайдан 15 студент билим алуу учун барууга камынууда. Өткөн окуу жылында да эки окуу жай студенттерди алмашып билим берип, профессорлору конок лекцияларды өтүшкөн.