9:53 5 октября 2018

Профессор Талча Аманкулова КР өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды

ЖАМУнун окутуучусу, профессор Талча Аманкулова КР өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты мугалимдер күнүнө карата окуу жайда уюшулган иш-чарада университеттин ректору Кеңешбек Усенов тапшырды.

Т.Аманкулова – айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор. Ал бир топ жылдан бери Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенип, “Биология” кафедрасынын башчысы, педагогика жана маалыматтар факультетинин деканы, табигый-техникалык факультетинин деканы жана ЖАМУнун илим изилдөө боюнча проректору кызматтарын аркалаган. Көп жылдык эмгеги бааланып, КР өкмөтүнүн № 064 токтомунун негизинде, мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде Ардак грамота менен сыйланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть