15:01 5 октября 2018

XIII кылымдын улуу ойчулу жана акыны Мевлана Желаледдин Руминин 811 жылдыгына карата конференция өтөт

Автор: Айзат Таласбаева

Аталган конференция Түркия Республикасынын, Афганистан Ислам Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиликтеринин көмөгү менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин колдоосунда өткөрүлмѳкчү.

Конференциянын алкагында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы үлчилиги Маданият жана таанытуу кеңешчилиги тарабынан сүрөт көргөзмөсү, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Конференцияда ачылыш сөз Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Исса Месбах Мохаммад, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Мужтеба Рузбихани, Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Олимзода Сухроб Хожа жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаевге берилет.

Конференция Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданият жана таанытуу кеңешчиси доцент, доктор Нури Шимшеклер тарабынан ачылат. Ошону менен бирге эскерүү жыйынында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучулары, Иран жана Кыргызстандын окумуштуулары баяндама окушат.

XIII кылымдын улуу ойчулу жана акыны Мевлана Желаледдин Руми 1207-жылы 30-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн жарымынан көбүн Түркиянын Конья шаарында өткөргөн. 1273-жылдын 17-декабрында дүйнөдөн өтүп, сөөгү ошол жерге коюлган.

Күнү: 8-октябрь 2018-жыл
Сааты: 09:30
Жери: Кыргыз-Түрк “Манас” университети,
Чыңгыз Айтматов атн. кампусу, К.Тыныстанов атн. жыйындар залы

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть