11:54 18 октября 2018

КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү студенттер менен жолугушту

ОшМУнун студенттери 17-октябрь күнү Кыргыз Республикасын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен баарлашты.

Жолугушууда Узарбек Жылкыбаев студенттерге ишмердүүлүгү, алдыга койгон максаттары боюнча айтып, Ош облусунун аймагында аймактарды өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, кызыктырган суроолоруна жооп берди. Ошондой эле жаштарды алдыга максат коюп, талыкпаган аракет менен максаттарга жетүүгө, дайыма позитивдүү ойлонуп, позитивдүү жүрүүгө чакырды.

«Мен да өлкөм үчүн жакшы иштерди жасап, салымымды кошууга аракеттенип келем. Ар бирибиз өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп отурсак, акырындап жыйынтыгын берет. Ушундай коомго пайдалуу иштерди жасоого сиздерди чакырып кетем, ал үчүн мен да силер менен түрдүү акцияларды уюштуруп, бирге кызматташууга даярмын», - деди Узарбек Жылкыбаев.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Узарбек Жылкыбаевди жаш, спортко кызыккан жетекчи катары университеттин спорттук мелдештерине, жаштарга мотивация берген иш-чараларга катышууга чакырып өттү.

Узарбек Жылкыбаев ОшМУга болгон сапарынын алкагында университеттин медицина, эл аралык медицина, Кыргыз-Кытай, искусство, эл аралык мамилелер, Кыргыз-Европа факультеттеринде болуп, билим берүүгө түзүлгөн шарттар, окуу лабораториялар, өндүрүштүк ишканалар, инновациялык иш-аракеттер менен таанышкандыгын белгилеп, Борбордук Азиядагы алдынкы университеттердин катарына кирген университетте мамлекет тарабынан кирип жаткан программалар толук кандуу иштеп жаткандыгын белгиледи.

Узарбек Жылкыбаев 2018-жылдын июлунан тарта Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келет. Ал 1974-жылдын 17-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында туулган. 1999-жылы Казак мамлекеттик улуттук университетин эл аралык мамилелер адистигин, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын юриспруденция адистигин аяктаган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть