17:02 19 октября 2018

Жалал-Абаддагы университетте “Бош жумуш орундар" жарманкеси өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 300 студенти “Бош жумуш орундар" жарманкесине катышты. Жарманке шаардык мэрия, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана Жалал-Абад жарандык коомду колдоо борбору тарабынан уюшулду. Бул тууралуу ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн инспектору Чынара Бабакулова билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматында, иш-чаранын максаты – жаштарга ишке орношуу, кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берүү, жумуш берүүчүлөргө ваканциялар жөнүндө маалыматты кеңири жайылтууга шарт түзүү жана жарманкеге келгендердин ичинен керектүү кадрларды тандоо, жаштардын жумуш орундарындагы укугун коргоо боюнча көйгөйлөрүнө жумуш берүүчүлөдүн, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес структуралардын көңүлүн бурдуруу.

"Биздин окуу жай миңдеген жаштарды окутуп, келечекке кадрларды даярдап келет. Алардын жумуш менен камсыз болуусу үчүн иш-аракеттер аткарылууда. Аталган жарманкеда студенттер адистикти тандоону, жумушка орношуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана эмгек келишим түзүү аркылуу иштөө жөнүндө адистерден кеңири маалымат алышты. Мындай жарманкелерге университет активдүү катышып, бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болуусуна кандайдыр бир жардамын берип келет", - дейт Ч.Бабакулова.

Ошондой эле ал окуу жай “Бош жумуш орундар жарманкесине” активдүү катышканын шаардык мэрия баса белгилеп, сыйлоо барагын ыйгарганын кошумчалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть