14:43 24 октября 2018

ЖАМУнун студенттери республикалык олимпиадада 2-орунду камсыздашты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 5 студенти география предмети боюнча 2-республикалык олимпиадага катышышты. Олимпиада К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинде 8 жогорку окуу жайдын студенттеринин катышуусунда өттү. Бул тууралуу ЖАМУнун география кафедрасынын башчысы Карачач Асанова билдирди.

Анын айтымында, студенттердин билим деңгээлин текшерген олимпиада Кыргыз географиялык коому тарабынан уюшулуп, анда 8 команда таймашкан. “Биздин студенттер командалар арасында 2-орунду камсыздашты. Ал эми Айдана Тагаева активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды”, - дейт кафедра башчысы.

Олимпиадага катышкан ЖАМУнун студенттери:

1. Баратова Перизат,

2. Тагаева Айдана,

3. Жуманазар кызы Айдана,

4. Кубаныч кызы Дамира,

5. Сабирова Бегимай.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть