14:55 24 октября 2018

ЖАМУнун студенттери ЮРАДИС көрсөтүүсү менен тыгыз байланышып, иш алып барууда

ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин «Юриспруденция» адистигинин студенттери Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын ЮРАДИС (юристтен кеңеш) көрсөтүүсү менен тыгыз байланышып, иш алып барууда. Бул тууралуу аталган адистиктин окутуучусу З.Амиракулова билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаран мыйзам алдында жана сот алдында тең укуктуу. Андыктан, алардын ар бири өз укуктарын билүүгө жана коргоого да акылуу. «Биздин студенттер окуу жайдан теориялык билим алганы айдан ачык. Алардын алган билимин практика жүзүндө колдонуп, дасыккан адис болуусу үчүн Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын ЮРАДИС (юристтен кеңеш) көрсөтүүсү менен иштешүүдөбүз. Жаштар коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдүн укуктук тарабын карап, кандай кеңеш берүүнү, статьялардын колдонулушун үйрөнүшүүдө» , - дейт ал.

З.Амиракулова алдыда дагы студенттерди юристтер менен жолугуштуруп, ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканын кошумчалай кетти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть