18:02 24 октября 2018

Конфуций институтунда кытай тили боюнча сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунда кытай тили боюнча «Мыкты речь» сынагы өткөрүлдү. Кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттердин оозеки кебин баалоо максатында өткөрүлгөн сынакка институттун 15 тил үйрөнүүчүсү катышты. Бул тууралуу институттун директору Мавлюда Шакирова маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, сынактын жыйынтыыгнда 1-орунду Бахрамов Лочинбек, 2-орунду Душаева Аида, 3-орунду Абдукаимов Айкан ээлеп, институттун баалуу белектерин алышты. Мындан сырткары, аталган студенттер ноябрь айында Бишкек шаарында өтүүчү сынакка катышууга жолдомо алышты. Калган катышуучулар институттун грамотасы, баалуу белектери менен сыйланышты.

Институттун кыргыз директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент М.Шакированын айымында, кытай тилин канчалык эрте куракта баштагандар жана курста үзгүлтүксүз окуп жаткандар акцентсиз, так, туура, бай сүйлөгөнгө үйрөнүп жатышат. Сынактын катышуучуларынын аракеттери кубанарлык болуп, аны көрүп отурган тил үйрөнүүчүлөр кытай тилин мындан да терең үйрөнүүгө, окутуучулары тил үйрөтүү усулдарынын үстүндө дагы да иштөөгө шыктанышты.

2016-жылы институттун тил үйрөнүүчүсү Абдураим кызы Акседеп Бишкекте өткөрүлгөн сынакта «Мыкты речь» номинациясын жеңип алган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть