10:03 25 октября 2018

Кара-Сууда ОшМунун гимназиясы ачылды

Аймактардагы мектептик билим берүүнү көтөрүү максатында 24-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин Кара-Суу гимназиясы ачылды. Саамалыкка ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондогу мектеп директорлор, ата-энелер катышышты.

Кызыл тасмасы кесилген гимназиянын ачылуу аземи гимназияда билим алып жаткан окуучулардын чакан концерттик программасы менен коштолду. Келген коноктор университет тарабынан материалдык-техникалык каражаттар, интерактивдүү доскалар, акыркы үлгүдөгү компьютерлер, окуу куралдары менен камсыздалган, заман талбына ылайык жасалгаланган окуу кааналары менен таанышып чыгышты. Ошондой эле ушул гимназиядан келечекте мекенге кызмат кылган мыкты адистер тарбияланып чыгуусун тилек кылып, бата беришти.

Жарык, таза, заманбап гимназия 120 орунга ылайыкташкан. Гимназияда учурда атайын сынактын негизинде кабыл алынган 60ка жакын окуучу 8-9-10-11- класстарда билим алып жатышат. Гимназияда кыргыз тили менен бирге орус, англис, кытай, түрк тилдери, табигый жана так илимдер тереңдетилип окутулуп, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо иштери жүрөт. Ошондой эле «Улуттук тарбия жана заманбап билим» концепциясын калыптандыруу үчүн комуз, бий, тигүүчүлүк, спорттук , IT (маалыматтык технологиялар) багытындагы ийримдер окутулат.

«Аймактарда ОшМУ гимназияларды ачуу менен гана чектелбейт. Биздин тажрыйбалуу окутуучулар райондордун мектеп мугалимдерине ушул гимназиялар аркылуу усулдук жардам берип, окуу курстарын уюштуруп турушат. Ал эми ОшМУнун гимназияларында билим алып жаткан окуучулар ортосунда олимпиада, интеллектуалдык, спорттук мелдештер, достук фестивалдары уюштурулат», - деди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.

Аталган гимназия ОшМУнун быйылкы окуу жылындааймактарда ачылган үчүнчү гимназиясы. Буга чейин Кара-Кулжа, Ноокат райондорунда ачылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть