13:39 31 октября 2018

Мухаммад аль-Хорезми атындагы Биринчи дүйнөлүк олимпиадада Оштун студенти коло медаль тагынды

Өзбекстан Республикасынын Ургенч шаарында өткөн математика боюнча Мухаммад аль-Хорезми атындагы Биринчи дүйнөлүк олимпиадада ОшМУнун студенти коло медалга ээ болду.

Олимпиадага Кыргызстандын атынан Ош мамлекеттик университетинин 4 студенти катышкан. Жыйынтыгында математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Мээрим Ирисмаматова 3-орунга ээ болуп, коло медалды утуп алды. Ал эми Бекболот Шайдуллаев диплом менен, олимпиаданын жалпы катышуучулары сертификаттар менен сыйланышты.

Ошондой эле мисалдарды чыгаруу боюнча мыктылыгын көрсөткөндүгү үчүн ОшМУнун профессору Дилмурат Турсунов уюштуруучулардын «Эң мыкты калыс» деген диплому менен сыйланды.

Биринчи дүйнөлүк олимпиадага дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнүн 56 жогорку окуу жайынан 244 студент катышты. Дүйнөлүк олимпиада англис тилинде жүргүзүлдү.

Дүйнөлүк олимпиада 2 жылда бир жолу улуу математик Мухаммад аль-Хорезминин туулган жери Хорезм облусунда өткөрүлүп турмай болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть