14:21 1 ноября 2018

Улуттук филармонияда 1-курстарга арноо салтанаты өттү

2018-жылдын 30-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “1-курстарга арноо” салтанаты болуп өттү. Иш-чарага КУАУнун ректору, УИАнын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор, КР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Р.Нургазиев, проректорлор, факультеттин декандары, колледждин директорлору, кафедра башчылары, профессор-окутуучулар жамааты, лидерлер, 1-курстун студенттери катышышты.

КУАУнун ректору Р.Нургазиев куттуктоо сөз сүйлөдү. Ошондой эле гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин деканы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор А.Самыкбаев, Студенттик кеңештин төрагасы, экономика жана маалыматтык системалар факультетинин 4-курсунун студенти Б.Ноябидинов 1-курстарды куттукташты. “Билим ачкычы” технология факультетинин 1-курсунун лидери Акылбек кызы Арзыгүлгө тапшырылды. Соңунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери тарабынан концерт тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть