9:22 1 ноября 2018

ЖАМУнун студенттери менен окутуучулары Ч.Айтматовго арналган адабий-көркөм иш-чарасын өткөрүштү

ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин финансы жана кредит кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты студенттери менен биргеликте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Эне тил жана Айтматов» аттуу жарыяланган үч айлыктын негизинде адабий-көркөм иш-чара өткөрүштү.

Бул иш-чарага ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы филология илимдеринин доктору, профессор К.Калчакеев, ЭЮФтун профессору А.Зулпукаров,  финансы жана кредит кафедрасынын башчысы экономика илимдеринин кандидаты, доцент А.Карбекова жана ЭЮФтун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер катышышты.

«Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет», - деп айткан Ч.Айтматов биздин тил жөнүндө. Залкар жазуучуну кыргыз тилинин өнүгүүсүнө өз чыгармалары менен опол тоодой салым кошкон инсан катары билебиз. Бүгүнкү иш-чарада Ч. Айтматовдун чыгармаларынан инсценировкалар коюлуп, анын калемине таандык «Ыссык-Көлдү сагынуу» аттуу обондуу чыгармасын студенттер аткарышты. Андан сырткары, мамлекеттик тил жөнүндө ырлар ырдалып, улуттук бий бийлешти", - дейт кафедра башчы.

Иш-чарага финансы жана кредит адистигинин 50дөн ашык студенти катышып, 200дөн ашык көрүүчүлөр келди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть