15:01 1 ноября 2018

ЖАМУнун студенти Тамашоудо «Мыкты оюнчу» болду

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «JASU STAR'S» курама командасы 30-октябрда тамашоу Жалал-Абад филиалынын 7-сезонунун ачылыш фестивалына катышып, «Мыкты оюнчу» номинациясына ээ болушту. Оюн облустук Барпы атындагы драма театрында уюштурулган. Бул тууралуу ЖАМУнун Жаштар комитетинен кабарлашты.

Маалымат боюнча, фестивалга жалпы 11 команда катышып, 3 номинациянын алкагында таймаш жүрдү.«Фестиваль бир гана саламдашуу сынагынын алкагында өттү. Калыстар тобунун купулуна толуп, «Мыкты оюнчу» номинациясынын ээси болуп ЖАМУнун «JASU STAR'S» курама командасынын мүчөсү Айдана Айдаралиева табылды. Тамашалары башкалардан өзгөчөлөнгөндүгү үчүн «Эң мыкты тамаша» номинациясы «Тойчики» командасына ыйгарылды. Тамашоу сахнасына биринчи жолу чыгышына карабай, командалардан активдүүлүгү, мыкты даярдыгы менен «Эң мыкты команда» номинациясын мектеп окуучуларынан түзүлгөн «Аль-Фауз» командасы жеңишти», - деди Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов.

«JASU STAR'S» курама командасы 2017-жылы түзүлүп, Тамашоунун Жалал-Абад филиалынын ар сезонунда оюн көргөзүү менен катар түрдүү номинацияларга ээ болуп келүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть