2018-жылдын 1-ноябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жыйындар залында мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага билим берүү министринин орун басары А.Муратов, Агрардык университетинин окуу иштери боюнча проректору А.Иргашев, илимий иштер боюнча проректор Т.Чортонбаев, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор С.Батаканова, тарых жана философия кафедрасынын башчысы Ө.Осмонов, Агротехникалык колледжинин окутуучулар жамааты жана студенттери катышышты.
Белгилүү коомдук ишмер Султан Ибраимов жөнүндө документалдуу фильм, кызыктуу илимий баяндамалар айтылды жана колледж тарабынан даярдалган чакан концерттик программа көрсөтүлдү. Студенттерге тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмоновдун жасаган баяндамасы эң жакшы таасир калтырды. Ал тарыхчы катары Султан Ибраимовдун жашоосунан жаштарга насаат болчу көптөгөн мисалдарды келтирди. Ошондой эле 3-курстун студенти Альдина Эрмаматованын Султан Ибраимовго арнап жазган ыры көркөм окулду.