9:53 5 ноября 2018

ОшМУда «Адамзаттын Айтматову: өтмүш, учур жана келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

2-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Адамзаттын Айтматову: өтмүш, учур жана келечек» деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга президенттин кеңешчиси Султан Раев, эл аралык Түрк Академиясынын президенти, тарых илимдеринин доктору, Казакстан УИАнын мүчө-корреспондети, профессор Кадыралы Дархан Куандыкулы, КР УИАнын академиги, Эл аралык Айтматов академиясынын президенти, филолгия илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген белгилүү окумуштуулары, жазуучулар, окутуучулар, өнөр адамдары, студенттер катышты.

Алгач конференцияга келген коноктор ОшМУнун короосунда «Ч.Айтматовдун каармандары сүйлөшөт» аттуу өзгөчө демилге менен даярдалган композицияга күбө болушту. Анда Айтматовдун каармандары Дүйшөн, Жамийла менен Данияр, «Ак кемедеги» бала, маңкуртка айланган Жоламан менен энеси, Раймалы менен Бегимайы минуталык көз ирмемдерде сүйлөшүп, келген конокторду Айтматовдун ааламына жетеледи. Өзгөчө алгач ирет иштелип чыккан «жаабарс» бийи тартууланды.

Андан соң коноктор Ч.Айтматовдун китептеринин жана жазуучуга арналган көрөм сүрөттөрдүн көркөзмөсүнө күбө болушту.

Университеттин салтанат залында залкар жазуучунун чыгармаларын бир композицияга батырган «Ч.Айтматовдун рухий дүйнөсү» деген аталыштагы таланттуу студенттердин катышуусундагы көркөм композиция көрсөтүлдү.

Конференцияда драматург, президенттин кеӊешчиси Султан Раев президент Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн жолдоду. Пленардык жыйында профессор Абдылдажан Акматалиев «Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү», эл аралык Түрк Академиясынын президенти Кыдыралы Дархан Куандыкулы «»Ч.Айтматов - Түрк дүйнөсүнүн даанышманы», Андижан мамлекеттик университетинин профессору Салима Мирзаева «Ч.Айтматовдун өзбек маданиятына тийгизген таасири», Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору Лайли Үкүбаева «Ааламдашуу доору Ч.Айтматовдун ой жүгүртүүсүндө», ОшМУнун доценти Сабыр Арстанов «Каардуу жылдардын каармандары» аталышындагы темаларда баяндамаларды окуду.

Ошондой эле эл аралык Түрк Академиясынын президенти, тарых илимдеринин доктору, Казакстан УИАнын мүчө-корреспондети, профессор Кадыралы Дархан Куандыкулына «ОшМУнун ардактуу профессору» наамымы тапшырылды.

Конференциянын соңунда ОшМУнун искусство факультетинин дизайнерлери тарабынан жазуучунун каармандарынын образдарынын негизинде чыгармачылык менен даярдалган «»Таазим Сизге, Чыңгыз ата» деген аталыштагы студенттик коллекциясы тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть