17:21 13 ноября 2018

Студенттер Ала-Букадагы тарыхый-мемориалдык комплекстер менен таанышты

ЖАМУнун педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин тарых адистигинин студенттери 8-октябрдан 10-ноябрга чейин музей-архивдик практикада болушуп, 7-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Ала-Бука районунун «Сафед-Булан» архитектуралык комплексине экскурсияга барып келишти.

Студенттер практиканын жүрүшүндө байыркы коло доорунан берки эстеликтер сакталган тарыхый-мемориалдык комплекске, тагыраак айтканда, «Сафед- Булан», «Зынжыл-Ата» тарыхый жерлерине барып, ордунан таанышышты.

«Биз буга чейин мектептерге практикага чыксак, бул жолкусунда көптөгөн тарыхый жерлерди көрдүк. «Сафед-Булан», анын тарыхы, деги эле Ала-Бука району боюнча көптөгөн тарыхый маалыматтарды уга алдык», – дейт студент Айтурган Абдыразакова. 

Практика жетекчиси Нуржамал Мырзабаева студенттерге «Сафед-Буландын» тарыхы боюнча төмөнкүлөрдү айтты: «Кыргызстандын аймагынын ислам таасирине активдүү кириши биздин замандын VIII кылымынын ортосунан башталса да, бул дүйнөлүк ири дин менен биздин ата-бабаларыбыздын алгачкы таанышуусу жүз жыл мурун илгерээкте, башкача айтканда, VII кылымдын орто ченинде эле болгондугу тарыхтан маалым болду. Бул окуя азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунун чек арасында жайгашкан «Соот-Булан» (Сафед-Булан) деген кыштактын эзелки тарыхы менен байланыштуу».

Жыл сайын тарых кафедрасынын 4-курсунун студенттери экскурсиялык практикага чыгып, тарыхый жерлер менен танышып келишет. Бул жолу 19 студент жана 3 жетекчи барды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть