Үстүбүздөгү жылдын 10-11-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында «BISHKEK OPEN-2018» аталышындагы дүйнөлүк таэквандо боюнча Күзгү ачык чемпионат болуп өтүп, ага 500дөй таэквондочу катышты.
Аталган чемпионатка ОшМУнун алдындагы «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун алдындагы таэквандо клубунан (машыктыруучу Маматкасым уулу Бексултан) 4 окуучу катышты.
Мелдештин жыйынтыгында аталган билим берүү борборунун 1-«А» классынын окуучусу Шамшарбеков Даниель 1-орунду, 1-«Б» классынын окуучусу Абдулбаитов Эдил 2-орунду багындырып, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.