Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Көчмөндөр маданияты – 2018» фестивалы болуп өттү. Фестиваль Аймактарды өнүктүрүү жылына, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана окуу жайдын 95 жылдыгына карата студенттер арасында уюштурулду, дейт окуу жайдын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова.
«Фетиваль үч бөлүктөн туруп, алгач улуттук спорт оюндары ойнотулду. Студенттер тогуз коргоол, ордо жана күрөш боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти Элдияр Сексенбаев мыкты оюн көргөзүп, «Мыкты спортчу» номинациясына ээ болду», - деди А.Доранова.
Аталган фестиваль өткөн жылдан тартып ЖАМУнун студенттери арасында өткөрүлүп баштаган.