15:23 19 ноября 2018

Студенттердин эл аралык күнүндө ОшМУнун мыкты студенттери сыйланды

Ош мамлекеттик университетинин Тарбия департаменти жана Жаштар комитети тарабынан Ош улуттук драма театрында 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө карата  «Жылдын мыктылары - 2018» ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо аземи жана «Студенттик шайыр тапкычтар клубунун» финалдык беттеши болуп өттү.

«Жылдын мыктылары - 2018» ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо аземинде ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков студенттерди куттуктады. Ошондой эле жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 21 студентке ОшМУнун «Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты» деген сертификаттарды жана 5000 сомдон акчалай сыйлыктарын тапшырды.

ОшМУда жыл сайын салтка айланып, уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу сынагынын жеңүүчүлөрүнө «ОшМУнун мыкты жаштар комитети» , «Жылдын мыкты теле алып баруучусу», «Жылдын мыкты акыны» , «Алтын калем» , «Алтын үн» , «Мыкты окурман» , «ОшМУнун мыкты спортчу студенти» , «ОшМУнун илимпоз студенти» , «Жылдын мыкты актеру», «ОшМУнун шайыр тапкыч студенти» сыяктуу сынактардын жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды.

Мыктыларды сыйлоо аземинин соңунда студенттер ректор менен эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгүндө «Студенттик шайыр тапкычтар клубунун» финалдык беттеши орун алып, майрам ээлеринин маанайын көтөрдү.

Жыйынтыгында 1-орунду Индустриалдык-педагогикалык колледжи, 2-орунду бизнес жана менеджмент факультети, 3-орунду юридика факультети, 4-орунду финансы-юридикалык колледжинин командасы багындырып, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 65 миң сомду түздү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть