12:14 23 ноября 2018

ОшМУда Илим күнү белгиленип, илимдин өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде 21-ноябрда Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, илимде ийгиликке жеткендер сыйланды.

Иш-чарага жогорку окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Жыйынды алып барган ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору И.Кенжаев жамаатты майрамы менен куттуктап, университетте илим чөйрөсүндө аткарылып жаткан алгылыктуу иштерди айтып өттү.

Профессордук-окутуучулук жамаатты куттуктаган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков республикада илим жаатын өнүктүрүү багытында жүрүп жаткан иштерди белгилөө менен ОшМУда илим изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, ийгиликтер да арбын экенине токтолду. Мамлекетибиздин өнүгүшү, жаш муундардын илим чөйрөсүнө тартылышы үчүн талыкпай иштеп жаткан окумуштуулардын илимий мектептери түзүлүп, алардын жетекчилигинде бир топ окумуштуулар тарбияланып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ОшМУда илимий багытта изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан изденүүчүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жаткандыгын айтты.

Салтанаттын жүрүшүндө билим берүүдө, илимде жана тарбиялоодо ийгиликтерди жаратып келе жаткан математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин профессору Дилмурат Турсуновго«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси тапшырылса, ошол эле факультеттин доценти Н.Беделовага жана финансы юридикалык колледжинин доценти Ж.Асаналиевага Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды. Ошондой эле бир топ илимдин өнүгүшүнө салым кошкон окутуучуларга Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын жана ОшМУнун Ардак грамоталары тапшырылды.

Бир жыл аралыгында илим жаатында уюштурулган сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. «Мыкты монография – 2018» номинациясы боюнча I орун – Бишкек шаарынан басмадан чыккан «Эпос “Манас”проблемы онейротопики и визионотопики (структура, функции, символика)» (2018-ж.) аттуу монографиясы үчүн орус филологиясы факультетинин орус тилин жана адабиятын окутуунун усулу кафедрасынын доценти Неля Бекмухамедова 5000 сом акчалай сыйлык, II орун – Бишкек шаарынан басмадан чыккан «Кыргызстандын түштүк аймагынын табигый-туристтик потенциалын баалоонун геоэкологиялык маселелери» (2017-ж.) аттуу монографиясы үчүн Кыргыз-Европа факультетинин эл аралык укук бизнес жана туризм кафедрасынын профессору Абдурашит Низамиев 3500 сом акчалай сыйлык, III орун – Москва шаарынан басмадан чыккан «Морфологическая характеристика плаценты в физиологических условиях с учетом восрастного, антропометрического и этнического факторов» (2018-ж.) аттуу монографиясы үчүн эл аралык медицина факультетинин анатомия, гистология жана нормалдык физиология кафедрасынын доценттери Кыялбек Сакибаев жана Назгүл Ташматова 2500 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

«Мыкты окуу китеби-2018» номинациясы боюнча жеңишке жетишкен окумуштууларга 4000 миң сомдон, «Мыкты окуу-усулдук колдонмо-2018» номинациялары боюнча жеңишке жетишкендерге 3000 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Кеченин жүрүшүндө автордук күбөлүккө ээ болгон окутуучуларга, «Мыкты аспирант – 2018» номинациясы боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле олимпиадаларда 1-орунду багындырган студенттерге жана аларды жетектеген окутуучуларга 2000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпы сыйлыктарга университеттен 100 миң сомго жакын акчалай сыйлыктар берилди.

Жыйындын соңунда бир жыл аралыгында университетте илимий ишин коргогон 2 илимдин докторуна, 20 илимдин кандидатына дипломдор тапшырылды. Доктордук иш коргогондор үчүн университет тарабынан 60 миң сом, кандидаттык иш жактагандар үчүн 30 миң сомдон сыйлыктар берилип келет.

Илим күнүнө арналган иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть