Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен билим берүү жаатындагы сапатка кепилдик берүүчү «EdNeT» агенттиги уюштурган жыл жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети «2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти» номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды.
Ушул эле күнү «EdNeT» агенттиги жыл ичи уюштурулган «Сапат эволюциясы-2018» жана «Сапаттуу окуу программалары-2018» деген эки чоң премияларын тапшырды.
Ош мамлекеттик университети «Сапат эволюциясы-2018» сыйлыгынын жеңүүчүсү деп табылды. Сыйлыктар 30-ноябрда Бишкек шаарында өткөн жылдын мыктыларын сыйлоо аземинде ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковго тапшырылды. Ал эми «Сапаттуу окуу программалары-2018» премиясы ОБСЕ Академиясына берилди.
Ошентип, «EdNeT» агенттиги бир күндө Ош мамлекеттик университетине «2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти» жана «Сапат эволюциясы-2018» деген аталыштагы 2 сыйлыгын ыйгарды.