12:38 5 декабря 2018

Ошто «Код сааты» акциясы старт алды

ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультетинде 4-декабрь күнү «Код сааты» («Час кода») акциясы старт алды. Акцияга аталган факультеттин компьютердик инженерия, журналистика, туризм адистиктеринин студенттери катышып, жеңүүчүлөргө сертификаттар ыйгарылды. Акцияда факультеттин студенттери Амирбеков Жеңишбек, Акылбек уулу Дурус, Осмонова Аида, Тойгонбаев Артур 12 баскычты кыска мөөнөттө багындырышты.

«Код сааты» акциясы Кыргызстанда бул жылы 3-декабрдан 9-декабрга чейин жүрөт. Быйылкы жылы 60 мектеп, 10 университеттен 9000 катышуучу катышып жатат. Бүгүнкү күндө окуучулар, студенттер, деги эле, баардык жарандар жаш өзгөчөлүгүнө карабастан, программалоону өздөштүрүүлөрү заман талабына ылайык. Анткени программалоо логиканы, ой жүгүртүүнү өрчүтөт жана өз алдынча тез жана туура чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Ошондой эле чыгармачылык потенциалдын ойгонуусуна да мүмкүнчүлүк болот.

 Акциянын максаты — өсүп келе жаткан жаш муундарды программалоого кызыктыруу, программалоону оюн формасында ишке ашыруу менен анын кыйын эместиги, ар бир каалаган окуучу, студент аны ишке ашыра ала тургандыгын далилдөө, бүгүнкү күндө программист кесиби эң жогорку эмгек акыга ээ болгон кесиптердин бири экендигин жаштарга жеткирүү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть