25-ноябрдан 10-декабрга чейин өтүүчү «Бүткүл дүйнөлүк аялдарга карата зордук-зомбулукка каршыбыз» аттуу 16 күндүк акциясынын алкагында Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында 40 жаштан жогорку мугалим-эжейлердин ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү.
Спорттук мелдеш 3-декабрь күнү Ош технологиялык университетинде өтүп, аны Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева менен Аида Касымалиева демилгелешкен. Алар бүгүнкү күндөгү кыргыз коомундагы аялдардын зордук-зомбулуксуз жашоосуна шарт түзүү максатын билдиришти.
Таймашка 6 команда катышып, алардын ичинен Ош мамлекеттик университетинин эжекелер командасы 1-орунга жетишип, кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Бул саамалык мындан ары 3 ай сайын кезеги менен окуу жайларда өткөрүлүп турмакчы. Кийинки эстафетаны Ош гуманитардык-педагогикалык институту алды.