16:23 5 декабря 2018

ИИМ Академиясынын курсанттары «Ч.Айтматов жана китеп дүйнөсү» атту иш-чарага катышышты

2018-жылдын 5-декабрында Ч.Айтматов атындагы китепканада «Ч. Айтматов жана китеп дүйнөсү» аттуу тегерек стол өткөрүлду. Ага Чыңгыз Айтматовдун калемдештери, курдаштары, Кыргызстандын белгилүү ишмерлери Апас Жумагулов, Амангелди Муралиев, Асан Жакшылыков жана башка Айтматов таануучулар катышышты.

Алар курсанттарга Чыңгыз Айтматовдун чыгырмаларындагы өзгөчөлүктөрдү, баалуулуктарды, деги эле, Ч. Айтматовдун дүйнө элине чыгармалары аркылуу жасаган кайрылууларын тереңден айтып берип жатышты. Айрымдары Ч.Айтматовду инсан катары кандай болгонун, кыргыз эли үчүн жасап кеткен зор эмгектерин даңазалоо менен курсанттарга көптөгөн акыл-насааттарын айтып өтүштү.

Ошондой эле иш-чарада Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана Чүй областтык театрларынын актёрлору залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндулөрдү аткарышты.

Маданий иш-чара катышуучулардын эстеликке сүрөткө түшүшү менен соңуна чыкты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть