11:32 7 декабря 2018

ОшМУ менен Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Кытайдагы иш сапары учурунда Үрүмчү шаарында Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Пархат Жалал менен жолугушту.

Эки университеттин ректорунун сүйлөшүүлөрүнө ОшМУнун Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев жана Кытай тараптан директору, профессор Гуо Вэйдун мырза катышышты.

Жолугушуунун соңунда Ош мамлекеттик университети менен Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда 2018-2023-жылдарда өз ара кызматташуу келишимине кол коюлду. Ректор Каныбек Исаков Конфуций институтунун перспективалары жөнүндө ОшМУнун стратегиялык планын баса белгиледи жана ОшМУнун Конфуций институтунун студенттеринин 300дөн ашууну жана дээрлик баардык окутуучулары Кытайдын алдыңкы университеттеринен академиялык мобилдүүлүктөн өтүп, тажрыйба алгандыгы айтты.

Ошондой эле 5 жыл аралыгында ОшМУнун Конфуций институтунуна жаны окуу имараты, жатакана курулганын, Конфуций колледжи түзүлгөнүн, бакалавриаттын толук ишке аша баштагандыгын, магистратура программасы өздөштүрүлүп жаткандыгын айтып өтүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин ректорлору ОшМУнун Конфуций институтунун түзүлгөнүнүн 5 жылдыгын белгилешти жана 5 жыл аралыгында аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер боюнча кеңири сөз кылышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть