13:48 13 декабря 2018

ЖАМУда профессор Ш.Ниязалиевдин 80 жылдыгы белгиленүүдө

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында профессор Шайлообай Ниязалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган «Илимдин өнүгүшү, проблемалары, перспективалары» аталышындагы илимий-практикалык конференция болууда. Ага ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы, Улуттук илимдер академиясынан, республикадагы жогорку окуу жайларынын окумуштуулары кадырлуу конок катары катышууда.

Конференцияда сөзгө чыккан университеттин окуу иштери боюнча проректору Атабек Алибаев – Ш. Ниязалиев Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 15 жыл эмгектенип, илим жаатында бир топ көрүнүктүү иштерди аткаруу менен окуу жайдын илимий потенциалын көтөрүп кеткенин баса белгиледи. «Ал кишинин илимий жетекчилиги менен 8 кандидаттык диссертация жакталса, анын 6сы ЖАМУнун аспиранттары. Тактап айтсак, Токоева Г. С., Шамшиев Р. К., Сүйүналиева Э, Атамурзаева Г.М., Токтогулова Г. Т., Мамадалиев А. Алар бүгүнкү күндө Ш. М. Ниязалиевдин илимий эмгегинин, аракетинин натыйжасында философия илимдеринин кандидаттары дана докторлору болуп калышкан», – деди.

Белгилей кетсек, Ш.Ниязалиев көзү тирүү болгондо 80 жашка толмок. Анын жаркын элесине арнап жогорудагы конференция Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасы тарабынан уюштурулууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть