14:47 13 декабря 2018

ТалМУда «Айкѳл Манас жана Чыӊгыз Айтматов – кыргыз элинин кош тиреги» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болут өттү

Автор: Пресс-кызмат

«Айкѳл Манас жана Чыӊгыз Айтматов – кыргыз элинин кош тиреги» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция депутаттардын Талас шаардык кеӊеши тарабынан демилгеленип, Талас мэриясы жана Талас мамлекеттик университети менен биргеликте ѳткѳрүлдү.

Алгач Ч.Айтматовдун айкелине гүлчамбарлар коюлуп, эскерүү аземи болду. Андан кийин конференциянын ачылуу аземинде депутаттардын Талас шаардык кенешинин тѳрагасы М.Эсенкулов, ТалМУнун ректору А.Упенов конференциянын маани-маӊызы жѳнүндѳ сѳз сүйлѳштү.

Куттуктоо сѳзүн  КР Өкмѳтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары К.Осмонбеков, Талас шаарынын мэри А.Джузупбеков  айтышып, анын жүрүшүнѳ ийгилик каалашты. Жыйындын пленардык бѳлүгүндѳ белгилүү жазуучу-публицист,ф.и.д, профессор С.Байгазиев, доцент М.Калманбетов, ф.и.д., профессор С.С.Жумалиев, доцент Ж.Абдиева, доцент М.Жусуповалар мазмундуу баяндамаларын жасашты.

Резолюциядан кийин Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыяланган сынактын  жеӊүүчүлѳрүнѳ сыйлыктар тапшырылып, «Манас» эпосунан жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналык кѳрүнүштѳр аткарылып, обондуу ырлар жаӊырып , «Манас» айтылып, «Манас» гимни менен жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть