13:28 18 декабря 2018

ЖАМУнун жаштарына сыйлыктар ыйгарылды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитетинин төрагасы жана 3 сектор башчысы жаштар күнүнө карата Ардак громаталар менен сыйланышты. Бул тууралуу Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов маалымдады.

Анын айтымында, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери шаардагы мекеме-ишканалар тарабынан уюштурулган коомдук иштерге активдүү катышып келишет. Жаштар шаардын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу колубуздан келбесе дагы, социалдык өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошобуз деген ойду карманышат. Алардын эмгеги бааланып, бир катар ишканалар тарабынан Ардак громаталар ыйгарылды. «Бул сыйлык бизге дем берип, келечекте дагы да мыкты салым кошуубузга өбөлгө болот», – дейт А.Усенов.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак громатасы менен ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов сыйланды.

Жалал-Абад шаарынын мэринин Ардак громатасы менен Жаштар комитетинин тегерек үстөл жана дебат иштери боюнча сектор башчысы Искендер Зиябидин уулу жана маданият сектор башчысы Алтынай Базарбай сыйланды.

Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын Ардак громатасы маалымат иштери боюнча сектор башчысы Орозалиева Бүбүсарага ыйгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть