12:57 18 декабря 2018

ОшМУда айлык акы 40%га жогорулады

ОшМУда 2018-жылдын 1-декабрынан айлык акылар жогорулады. Бул тууралуу университеттин административдик кеңешинде чечим кабыл алынды. 2018-жылдын 1-декабрынан тартып профессордук-окутуучулук курамдын, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлеринин салыштырмалуу кызматтык окладына буга чейинки кошулган стимулдардан сырткары, негизги кызматтык окладына 40% дан жогору эмгек акы кошулду.

Ош мамлекеттик университети жыл сайын айлык акыларды ырааттуу жана системалуу түрдө үзгүлтүксүз жогорулап келе жатат. Бул акыркы 7 жыл аралыгында 8-ирет жогорулашы.

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков айлык акылардын жогорулашы боюнча: «Окутуучуларыбызга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып келе жатабыз. Мунун баары билим сапатын жогорулатуу максатында ишке ашууда. Университеттин ички резервинен, окуу жайда ыксыз чыгымдарды кыскартуунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды өстүрүүгө шарт жаралууда», - деди.

Декабрь айында айлыктан сырткары, ар бир кызматкер жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө 13 айлык сыйлык акчаларды да алышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть