12:30 18 декабря 2018

КМТУда «Ала-Тоонун алп чокусу – Ч.Айтматов» аттуу иш-чара өттү

2018-жылдын 14-декабрь күнү И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин студенттери тарабынан өзүнүн алтындай таланты менен бүткүл дүйнөнү багынткан, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Ала-Тоонун алп чокусу – Ч.Айтматов» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара «Улуу көч» бийи менен ачылып, андан соң «Ч.Айтматовдун каармандары окурмандардын жан дүйнөсүндө» аттуу баяндама менен башталды. Эскерүү кечесинде жазуучунун чыгармачылыгындагы адамзатты ыйлата турган, ойлонто турган, толкундата турган учурларды чагылдырган сценкаларды колледждин студенттери активдүү аткарып беришти. Ооба, бул учурда эч бир тирүү жандыктын жүрөгү солкулдабай коё албайт. Айрыкча, согуш учурундагы Толгонай эненин образы аркылуу ошол кездеги энелердин тагдырын мыкты деңгээлде ачып берген Чыңгыз атабызга таазим.

Ошондой эле, иш-чарада залкар жазуучубузга арналган көркөм окуулар, обондуу ырлар, монологдор да окулуп жатты. Бул кече баштан аяк Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде түзүлгөн слайд менен коштолуп турду. Иш-чаранын аягы «Улуу кыргыз Чыңгызга» аттуу обондуу ыр менен бекитилди. Бүгүнкү күндө Чыңгыз атабыздын жоктугу абдан өкүнүчтүү, бирок кыргыз эли, ошону менен бирге эле бүткүл дүйнө элинин жүрөгүндө Айтматов дагы да болсо тирүү жана кылымдар бою жашай бермекчи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть