14:10 18 декабря 2018

Аскер институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдык юбилейи маданият жана искусство университети менен чогуу белиленди

Республикалык масштабда өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2018-жылдын 13-декабрында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институту да сыртта калбай, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматов ааламы» аттуу иш-чараны белгилеп ѳттү.

Иш-чаранын ѳткѳрүлүшүнѳ окуу жайдын жетекчилиги жана гумманитардык дисциплина кафедрасы себеп болду десек болот. Аталган иш-чарага Аскер институтунун, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Аскер институтунун ѳздүк курамы, окуу процессинин камсыздоо батальонунун жоокелери жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери күбѳ болушту. Филология илимдеринин кандидаты, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, тилчи Аттокур Жапанов мейманда болуп, “Манас жана Айтматов“ жѳнүндѳ лекция окуп, катышуучуларда абдан кызыгууну жаратты.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндѳ Ч.Айтматовдун ѳмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу катышуучуларга видеотасма тартууланды. Ошондой эле жазуучунун элесине арналган Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча сюжеттер театралдаштырылып аткарылды.

Андан соң курсанттар тарабынан атайы даярдалган чакан концерттик программа иш-чаранын көркүн ачып турду.

Айта кетсек, буга чейин Аскер институтунун курсанттарына атайы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасы тарабынан атайы эссе, дил баян, автордук ырлар, кѳркѳм окуу конкурстары уюштурулган. Ошондой эле 9-декабрь күнү Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Аскер институтунун башчысынын ѳздүк курам менен иштѳѳ боюнча орун басары полковник Нурбек Рыскуловдун жетекчилигинде иш-чара ѳткѳрүлүп, иш-чарага маданият тармагынан меймандар чакырылган. Алар Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абдыкалык Акматов, маданияттын мыкты кызматкери Зульфия Карыпбекова. Маданият ишмерлери курсанттарга улуу жазуучунун чыгармачылыгы жѳнүндѳ абдан кызыктуу маек курушуп, жылуу маанай тартуулашкан. Абдыкалык Акматов курсанттардын суранычы боюнча актердук чеберчилигин кѳрсѳтүп улуу жазуучунун чыгармаларынан монолог окуп берди. Зульфия Карыпбекова эжебиз болсо курсанттарга ѳз каалоосун айтты жана алгачкы сѳзүн -Улуу Чыңгыз атабыздын жакшынакай жагымдуу сѳздѳрүнѳн баштагым келип турат,-деди. Жазуучу “Эгерде Ата Журтту баштыкка салып сүйрѳп ѳзүң менен жаныңа алып жүрѳ турган болгондо, анын баасы сокур тыйынга да арзыбаса керек деген”. Ушул сѳзүндѳ эмне деген улуулук жатат. Баштыкка салынбаган Ата Журтту коргоочулар, Ата Мекенди сүйүүчүлөр деген мына силерсиңер,- деп курсанттарды патриоттуулукка чакырып, окууларына ийгиликтерди каалады.

Ал эми Абдыкалык Акматов курсанттардын суроолору боюнча актердук чеберчилигин кѳрсѳтүп улуу жазуучунун чыгармаларынан кѳптѳгѳн монологдорду тартуулады. Ѳткѳрүлгѳн иш-чара жаш Мекен коргоочулар үчүн мааниси абдан терең, чоң сабак болгон десек болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть