13:17 22 декабря 2018

КР Эл артисти Жолболду Алибаевге ЖАМУнун «Ардактуу профессору» каамы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, акын, обончу, ырчы, дастанчы Жолболду Алибаевге Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Ардактуу профессору» каамы ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи Барпы драма тетрында акындын 70 жылдык мааракесине арналып уюштурулган концерт учурунда болду.

Окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов Ж.Алибаев Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында эмгектенип, жаштарга билим берүү менен катар чыгармачылыгын элге тартуулап келгенин билдирди.

«Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын улантуучусу — бул Жалал-Абад мамлекеттик университети экени баарыбызга маалым. Бир кылымдык тарыхы бар окуу жайда эмгектенип, убагында канчалаган жаштарга билим бергенсиз. Чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшүп, заманыбыздын мыкты акыны, обончусу, ырчысы жана дастанчысы болдуңуз. Өмүрү өрнөктүү инсан катары биздин студенттер менен жолугушууларга келип, акыл-насаатарыңызды айтып турасыз деген ишеничтебиз.

Чыгармачылык жолуңузда көптөгөн ийгиликтердин жаратманы болуп, обондорду, ырларды жана дастандарды калкыбызга тартуулай бериңиз. Сиздей залкар инсандар биздин окуу жайда эмгектенип, университеттин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калганы биз үчүн сыймык», - деди ал.

«Ж.Алибаевдин 70 жылдык мааракесине арналган концерт Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колдоосу менен уюштурулган. Ошондой эле окуу жайда Рысбай Абдыкадыров клубу ачылып, 25 жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Баса белгилеп кетчү жагдай, аталган клуб Р.Абдыкадыровдун көзү тирүүсүндө эле ачылып, анын ачылуу аземине ырчы өзү күбө болуп кеткен. Ал эми Ж.Алибаев аталган клубдун мүчөсү», - дейт окуу жайдын социалдык маселелер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова.

«Жалал-Абад шаарына 20 жашымда келип, педагогикалык окуу жайда эмгектендим. Мыкты инсандар менен насиптеш болуп, өз кезинде, чыгармачылыгыма да алгылыктуу колдоолор болгон. Эл оозуна алынган айрым обондорум, ырларым мына ушул куттуу шаарда жаралып, элге жайылды жана азыркы күнү да аткарылып жүрөт. Дээрлик жаштыгым ушул калаада калды, 20 жашымда келип, 30 жыл эмгектендим. Сизге жана сиздин жалпы жамаатыңызга ыраазычылыгымды билдирем. Таланттардын чыгармачылыгын баалап, колдоо көргөзүп келесиздер. Буйруса, алдыда дагы көп-көп жолугушуулар болот», - деди Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алибаев.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть