12:49 31 января 2019

Жалал-Абад мамлекеттик университети билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүгө даярдап жатат

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 10 орто кесиптик жана 8 жогорку кесиптик билим берүү программаларын аккредитациядан өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө. ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов менен «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккердитациялык агенттигинин директору Эрик Эсентаевдин ортосунда келишимдерге кол коюлду.

«Сапат» бөлүмүнүн башчысы Гүлдана Токоеванын айтымында, жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары 2019-жылы көз каранды эмес аккредитациядан өтүүгө даярданып жатат. Тендердин жыйынтыгы боюнча «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккердитациялык агенттиги жеңип чыккандыктан, агенттик менен окуу жайдын ортосунда келишим түзүлдү. Ошондой эле 2019-жылдын 21-22-январь күндөрү «Билим берүү программаларын аккредитациялоо» программасынын алкагында «Окуу жайдын өзүн-өзү баалоосун өткөрүү» деп аталган семинар-тренинг өткөрүлгөн.

«Семинар-тренингге окуу жайдын факультеттеринен, колледждеринен жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдөн 80ден ашык профессордук-окутуучулук курам катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында өзүн-өзү баалоо процедуралары боюнча кафедралар пайдалуу маалыматтарга ээ болуп, көз карандысыз аккредитациядан өтүүгө документтерди дайындоодо», - деп кошумчалады Гүлдана Токоева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть