Совет элинин жоокерлеринин жанын, канын алган, 10 жылга созулган Ооган согушу бир гана совет элинин же азыркы КМШ өлкөлөрүнүн гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн тарыхында калды. 120 миңден ашуун советтик офицерлер жана жоокерлер катышкан бул согуштун жарааты айыкпайт. Анткени 15 миңден ашык интернационал жоокерлербизден айрылганбыз.
Бул согушта өзүнүн жигиттик милдеттерин өтөп, келечектин тынчтыгы үчүн Ооган элин ички душмандардан арылтууга өз салымын кошкон, учурда келечек милиция кызматкерлерин даярдоого чоң салымдарын кошуп келе жаткан ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Ааалиев Жаныбек Кыдырмышевич жана ИИМдин Академиясынын ыкчам-издөө ишмердүүлүк кафедрасынын доценти Абдырасаков Дыйканбай Советбекович менен сыймыктанабыз!
Ааалиев Жаныбек Кыдырмышевич. 1984-жылдын апрелинде аскерде кызмат өтөө курагына жеткендигине байланыштуу, Киев шаарына жөнөп, ал жактан советтик жоокерлердин катарын толуктап, кан куйган Ооганга интернационалдык милдеттерин аткарууга кетет. Советтик жоокер Ж.Аалиев 18 жаш курагында ыйык антын берип, мекен алдындагы өз милдеттерин так аткарып, 2,5 жыл Ооган элин ички душмандардан куткаруу үчүн күрөшөт.
Ал Оогандын Газни провинциясында батальондун спецназы болуп, көптөгөн күжүрмөн-согуштук операцияларды ийгиликтүү жүргүзүүгө активдүү катышкан. Жасаган эрдиги бааланып, кызмат өтөө мезгилинде СССРдин «За боевые заслуги» төш белгиси менен сыйланган. Ошондой эле согушта 3 жолу күжүрмөн жаракат алган.
«Үйгө аман-эсен кайтып келем деген үмүт болгон эмес. Анткени күнүгө курдаштарыбыздан айрылып, катарыбыз азайып жатты. Кызматы аяктап кетип жаткандар да Оогандан чыкканча душмандардын кол салууларына туш болуп, үйлөрүнө жетпей калып жатышты. Анан мындайды көрүп жатып, аман-эсен кайтарыман шек саначумун», - дейт резведчик Ж.Аалиев.
Ошентип, кызмат өтөө мезгилин ашыкчасы менен өтөгөн соң, өз мекенине аман-эсен кайтып келип, ЖОЖдо билим алып, кыргыз милициясында кызматын уланткан.
Жаныбек Кыдырмышевичти өз элинин чыныгы жоокери, татыктуу уулу десек жаңылышпайбыз. Анткени кийин да өз өлкөбүздө болуп өткөн Баткен (1999-ж.), Ош коогалаңдарында (1990-ж.) жана 2005-2010-жылдарда болгон 2 революцияда коомдук коопсуздукту сактоодо салымы чоң экенин өзгөчө белгилеп кетсек болот.
Абдырасаков Дыйканбай Советбекович 2 жолку «Кызыл жылдыз» орденин ээси. Ооган согушуна 1987-жылдын августунда барып, 1989-жылдын 13-февралында ийгиликтер менен кайтып келген. Өзүнүн интернационалдык милдеттерин өтөп келген жоокер өз жолун кыргыз милициясынан табат.
«1987-жылдын 1-августунда Кундуз шаарынын аэродромуна самолет конгондон баштап, душманыңдын мылтык менен шыкаалап турганы секундага дагы оюман кеткен жок. Согушта 1,5 жыл жүрсөм дагы азыркы күнгө чейин «Мен чындап эле барып келдимби жана кандай из калтыра алдым?» деген ойлор келет. Согуш канча бир мезгил мурун аяктаган болсо дагы, аны жана күжүрмөн досторуңду унута албайсың. Ошондой эле биздин төшүбүздөгү медалдарыбыз, биздин баскан жолубузду айтып, көрсөтүп турат. Бул согуштун тарыхы дагы да жок, ал жазыла элек. Бирок анын тирүү күбөлөрү бар. Тирүү, анткени, курман болгондордун элеси ыйык жана аларды куралдаштары эч качан унутпайт», - деп эскерет Д.Абдырасаков.
Заманыбыздын таанылбаган баатырлары мамлекеттик, ведомстволук сыйлыктар менен сыйланып, бүгүнкү күнгө чейин алардын эмгегин эли баалап келет.