10:19 19 февраля 2019

ОшМУда Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүүчү окуу жайларынын ассоциациясы түзүлдү

Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжинде 16-февралда Аймактык студенттик олимпиаданы уюштуруу жана Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүү окуу жайларынын ассоциациясы түзүлдү. Жалпысынан Ассоциацияга Кыргызстандагы 14 орто кесиптик экономикалык билим берүүчү окуу жайлары кирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОШМУнун ЖОЖго чейинки билим берүү департаментинин директору б.и.к., доцент Тажимамат Эркебаев Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүү окуу жайларынын ассоциациясын түзүүнүн зарылдыгы, максаттары жана перспективалары боюча баяндама жасады. Ал эми финансы-юридикалык колледжинин директору, п.и.к., доцент Танавар Акматова ОшМУнун 80 жылдык бай тарыхы, финансы-юридикалык колледжинин жетишкендиктери, алдыга койгон максаттары боюнча презентация жасады.

Финансы жана банк иши кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Нургазы Исаков «Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүүдөгү көйгөйлөр жана сапатты камсыздоо саясаты» деген темада баяндама, ушул эле кафедранын доценти, э.и.к. Асилбек к Жыпара Аймактык студенттик олимпиаданын Жобосун презентация, БЭжС кафедрасынын башчысы, ага окутуучу Кубаныч Исаков Ассоциациянын Уставы боюнча презентация жасады. Түшкө чейинки жыйында Ассоциациянын уставы, төрагасы, катчысы, ревизору дайындалды. Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүү окуу жайларынын ассоциациясына кирген окуу жайлардын директорлору ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков менен жолугуп, пикир алышты.

Түштөн кийин олимпиаданын жобосу талкууланып, бекитилди жана олимпиаданы уюштуруу комитети дайындалды. Андан соң олимпиаданын өткөрүү тартибин практика жүзүндө көрсөтүү максатында келген 20 предметтик окутуучуга логин берилип, тесттен өтүштү. Жыйынтыгында келген коноктор иш-чараларды демилге кылган ОшМУнун жетекчилигине, ФЮКтун дирекциясына ыраазычылык билдиришти. Ассоциациянын макулдашуу меморандумуна 14 кесиптик окуу жайдын директорлору кол коюшту. Алар:

1. ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжи;

2. Ош соода экономикалык колледжи;

3. ОГПИнин колледжи;

4. ОшКӨУнун Социалдык колледжи;

5. ОшТУнун Технологиялык колледжи;

6. НМУнун Агрардык-экономикалык колледжи

7. БатМУнун Кызыл-Кыя көп тармактуу институту;

8. БатМУнун Көп тармактуу колледжи;

9. БатМУнун Сүлүктү аймактык институту;

10. ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи;

11. ЖАМУнун Аксы колледжи;

12. К.Токтомаматов атындагы ЭАУнин Гуманитардык-экономикалык колледжи;

13. Жалал-Абад Укук, бизнес, билим берүү колледжи;

14. ОшКӨУнун Ала-Бука колледжи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть