14:51 25 февраля 2019

ОшМУнун окутуучулары менен студенттеринен куралган командалар волейбол жана баскетбол боюнча мелдеште чемпион болушту

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган волейбол, баскетбол боюнча мелдеште ОшМУнун окутуучулары жана студенттери 1-орунга ээ болушту.

Мелдеш эки топко бөлүнүп, өткөрүлгөн. 1-топто Ош шаарында жайгашкан бардык мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында уюштурулуп, анда волейбол боюнча 1-орунду ОшМУ, 2-орунду Ош бажысы, 3-орунду ОшТУнун курама командалары ээлешти. Ал эми 2-топто Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери оюн жүргүзүп, анда да 1-орунду ОшМУ, 2-орунду ОГПИ, 3-орунду ОшМЮИнин командары ээлешти.

Баскетбол боюнча мелдеште да ОшМУнун окутуучулары жана студенттери 1-орунга ээ болушту. Биринчи топто 1-орунду ОшМУ, 2-орунду «Бакай» банк, 3-орунду 02626 аскердик бөлүгү ээледи. Экинчи топто студенттер арасында 1-орунду ОшМУ, 2-орунду ДЮСШ, 3-орунду ОшКӨУнун командалары ээледи.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер тапшырылды.

Бүгүн, 25-февралда жеңишке ээ болгон университеттин волейбол жана баскетбол боюнча командаларын жалпы жамааттын атынан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктап, команданын ар бир мүчөсүнө жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть