9:58 1 марта 2019

Оштун окутуучулары Туркиянын Кастамону университетинде иш сапарда жүрүшөт

ОшМУ менен Түркиянын Кастамону университетинин келишиминин негизинде ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору, доцент Түмөнбай Колдошов, факультеттердин тарбия иштери боюнча декандын орун басарлары, аялдар кеңешинен турган делегация тажрыйба алмашуу максатында 25-февралдан 6-мартка чейин иш сапарда жүрүшөт.

ОшМУнун делегациясын Кастамону университетинин ректору, профессор Сейит Айдын жана проректор Сезгин Айхан тосуп алып, жолугушуу өткөрдү. Азыркы күндө Кастамону университетинин бардык факультеттери менен жакындан таанышуу жүрүп жатат. Электрондоштурулган борбордук китепкана, акыркы моделдеги лаборатория, педагогика, искусство, коммуникация, туризм, эл аралык байланыштар факультеттерине барып, студенттер менен иштөө, тарбия иштер жана сабак процессине байланыштуу маселелер боюнча пикир алушуу, тажрыйба алмашуу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле делегация шаардагы тарыхый жайлар менен таанышып, Кыргызстандан барып, билим алып жаткан студенттер менен жолушууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть