12:34 5 марта 2019

ОшМУ «Elsevier» эл аралык маалыматтар базасы менен кызматташат

ОшМУ 2024-жылга чейин дүйнөдөгү 700 алдыңкы университеттердин катарына кирүүгө белсенүүдө. Буга ылайык, «ОшМУ классикалык университеттен – изилдөөчү инновациялык университетке карай» деген аталыштагы 2024-жылга чейинки өнүктүрүү концепциясын кабыл алган.

Концепциянын негизги багыттарынын бири дүйнөлүк масштабдагы басылмалар менен кызматташуу болуп саналат. Бул кызматташтыкты күчөтүү максатында ОшМУга Орто Азия жана Азербайжан «Elsevier» эл аралык маалыматтар базасынын аймактык директору Алия Оспанова, Орто Азия жана Россия боюнча илимий изилдөө чечимдери боюнча багыттын жетекчиси Дмитрий Султанов 5-мартта ОшМУда болушту.

Алия Оспанова жана Дмитрий Султанов алгач университеттин ректору, профессор Каныбек Исаков менен жолугушуп, университеттин 2024-жылга чейин кабыл алынган концепциясы, дүйнөдөгү 700 алдыңкы университеттердин катарына кирүүгө карата көрүлүп жаткан аракеттер боюнча баарлашышты. Андан соң профессордук-окутуучулук курам менен жолугуп, «Кыргызстандын университеттерин атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу жана алардын эл аралык рейтингдерге» деген темада семинар уюштурушту.

Семинарда илимий макалаларды туура жазуу, адабияттардын шилтемелеринин ири бирдиктүү «Scopus» маалымат базасы менен иштөө боюнча маалыматтарды беришти. Ошондой эле университеттин дүйнөлүк рейтингге кирүүсүндө аткарылуучу алгылыктуу иштер, «Elsevier» эл аралык маалыматтар базасынын катталуунун жолдору, «Scopus» маалымат базасы боюнча кеңири түшүнүк беришти.

Семинарга факультеттердин декандары, директорлор жана алардын илимий иштер боюнча орун басарлары, кафедра башчылары, илимдин докторлору, кандидаттары, аспиранттар, магистранттар, изденүүчүлөр катышышты.

«Эльзевир» («Elsevier») – ири компания, бир жылдык илимий, техникалык, медициналык маалыматтардын илимий камсыздоо 9,5 млрд АКШ долларын түзөт. Компаниянын дүйнө боюнча 70 кеңсеси болсо, анда эмгектенген кызматкерлердин саны 7000 кишини түзөт. 180 өлкөдө 30 миллион кардары болсо, анын 18 миңи илимий-маалыматтык чөйрө болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть