15:08 6 марта 2019

ОшМУнун ардагер эжейлери куттуктоого арзышты

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков 6-мартта университетте көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын университетке арнаган 65 жаштан жогорку 40тан ашуун ардагер эжекелерди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

Ал куттуктоо сөзүн айтуу менен бирге университеттин өсүп-өнүгүүсүндө, билимдүү, илимдүү жаштарды, кесипкөй адистерди тарбиялоодо ар бир эжекенин орду чоң экендигин айтты. Ошондой эле өсүп келе жаткан кийинки муунга университеттин жамаатына омоктуу ойлорун, туура кеңешин айтып, туура багыт берип келе жаткандыктарын белгиледи.

Ардагерлердин сап башында турган биология илимдеринин доктору, профессор, «Даңк» медалынын ээси Бурул Каримовадан тартып ар бир эжекенин өмүр жолу, тажрыйбасы, коомдук, жетекчилик ишмердүүлүктөрү улуулар үчүн да, кичүүлөр үчүн да үлгү экендигине токтолду. Ошондой эле ар бир эжекенин билим берүүдө, жаштарды тарбиялоодо, университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдарын айтып, өзүнүн майрамдык белегин тартуулады.

Өз кезегинде эжелер жаз майрамдарын утурлаган жагымдуу жолугушууга, жетекчиликтин жамааттын ар бир мүчөсүнө жасаган камкордуктарына, жылуу сөздөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть