14-март Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинде Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чара уюштурулду. Факультеттин жамааты тарабынан сүмөлөк кайнатылып, каада-салттар аткарылып, таланттуу студенттердин концерттик программалары менен коштолду. Майрамдык иш-чарага ОшМУнун ректору Каныбек Исаков баштаган профессордук-окутуучулук курам катышып, куттуктоо сөздөрүн жолдошту.
Искусство факультетинин окуу имаратынын ачылуу аземинде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тарабынан берилген 200 миң сомдук сертификатка учурда 6 аккордеон, 10 өрүк комуз алынып, жаштардын чыгармачылыгын өркүндөтүүдө пайдаланылууда.