10:50 19 марта 2019

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору ЖАМУда химиктерге конок лекция окуду

ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин «Химия» кафедрасынын студенттерине Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Б.Боркоев «Жаңы материалдардын структурасы, касиеттери» деген темада конок лекция окуду. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Нуржан Арстанбекова кабарлады.

«Лекциянын негизги максаты — студенттердин кесипке, илимге болгон кызыгуусун арттыруу. Лектор илимдин өнүгүшүнүн ар бир этаптарына токтолуу менен азыркы кездеги жаңы материалдар, алардын каситтериндеги өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолуп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп берип, мындан ары да лекцияларды окуп берүүгө даяр экендигин айтып өттү.

Б.Боркоев Жалал-Абад мамлекеттик университетинде аталган кафедранын башчысы, илим иштери боюнча проректор жана окуу иштери боюнча проректор кызматын аркалаган. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору жана ЖАМУ менен тыгыз байланышта иш алып барып келет», - дейт Н.Арстанбекова.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть