Кыргызстандын «Дата мектеби» жана Kloop.kg балдарды эмдөө, ошондой эле эмнеге ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартып жаткандыгы тууралуу Кыргызстандын аймактарындагы журналисттерге мыкты макалаларды даярдоо боюнча сынак жарыялаган.
Сынакка ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика адистигинин улук окутуучусу Чынара Абдиева «Балдарды эмдетүү 11 жугуштуу оорунун алдын алат» деген макаласы менен катышкан. Жыйынтыгында Ч.Абдиеванын макаласы 3-орунга ээ болуп, уюштуруучулар тарабынан атайын Бишкек шаарына чакырылып, «SAMSUNG Galaxy A7» үлгүсүндөгү телефон менен сыйланды.