Ош шаарынын «Жигер» чыгармачыл борборунун жаш акын-жазуучулары 2-апрелде Н.Исанов атындагы КМКТАУда «Поэзия кечесин» өткөрүштү. Иш-чараны университеттин «Кыргыз тили» кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Карлыгач Жумакадырова ачып берди.
Андан соң КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов сөз сүйлөдү. «Байыртадан бери биздин эл сөз кадырын баалаган, ар бир сөзгө маани берип, айтылган сөздүн өзөгүн терең түшүнө билген. Бүгүн биз жаш, өнөрлүү акындардын жараткан ыр саптарына күбө болмокчубуз. Мындай поэзия кечеси техникалык багыттагы окуу жайда өтүп жатса да, сиздердин араңардан да сөзсүз түрдө чыгармачылык менен алектенгендер суурулуп чыгарына мен ишенем», - деди ал.
Поэзия кечесинин программасы ар түрдүү тематикага арналып, өз ырааты менен тартууланды. Жаш авторлор алгач балалыкка, андан соң өспүрүм куракка, студенттик күндөргө, Ата Мекенге, ата-энеге арналган ыр саптарын өзгөчө эмоция менен көркөмдөп окушту. Поэзия кечеси ошондой эле обондуу ырлар менен да коштолду.