2019-жылдын 25-29-мартында Германиядагы Цвиккау Батыш-Саксониялык колдонмо илимдер университетинде «Erasmus+» программасы боюнча «KYRMedu» долбоорунун алкагында инструкторлорду даярдоонун жыйынтыктоочу семинарына ОшМУнун «ИТАС» кафедрасынын окутуучулары Гулнара Сейитказыева жана Айзада Ажибекова катышып келишти.
Инструкторлорду даярдоо боюнча семинарда «KYRMedu» университеттик консорциумунун окутуучуларынын практикалык сабактарын дидактикалык каражаттар менен камсыздоо, лабораториялык усулдук колдонмолорду даярдоо боюнча Цвиккау университетинин бир катар профессорлору тренинг өтүшүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Аталган семинарга Кыргызстандын Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жана Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардан окутуучулар катышышты.
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга уюштуруучулардын сертификаттары тапшырылды.