13:12 8 апреля 2019

ОшМУнун 16 студенти жана 2 окутуучусу Батыш Чех университетине академиялык мобилдүүлүктөн өтүүгө жөнөп кетишти

Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде ОшМУдан 16 студент, 2 окутуучу Батыш Чех университетине жөнөп кетишти.

Эл аралык мамилелер факультетинин 6 студенти (Саидова Саида, Ибрагимова Лейла, Абдрасулова Эльвира, Касымова Шахноза, Акылбекова Уулай, Нурбек уулу Амангелди), дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 10 студенти (Назаров Изатилло, Канторо кызы Аксамай, Сулайманова Мираида, Ахмеджанов Баходиржон, Мамбетали кызы Айнура, Муратбек кызы Мээрим, Туланбаева Зульфиназ, Исманов Оллохберди) Чехиянын Пльзень шаарында жайгашкан Батыш Чех университетине 6-апрель күнү билим алуу максатында сапарга аттанышты.

Студенттер менен катар эле ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин Англис тилин окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Рахат Сагындыкова, филология илимдеринин кандидаты, доцент Калмаматова Замира тажрыйба алмашуу жана конок лекцияларды өткөрүү максатында кетишти.

ОшМУнун проректору, профессор Абдыганы Абдувалиев аларды кабыл алып, өзүнүн батасын берип, ак жол тилеп, билимдерин өркүндөтүп, тажрыйба алмашып келүүсүнө ийгиликтерди каалады. Жолугушуу учурунда студенттер түзүлгөн шарттар жана колдоосу үчүн университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

«ОшМУдан барган студенттер англис тилиндеги тайпаларда окуп, дискуссия клубдарына катышып, студенттер менен достошуп, жыйынтыгында академиялык мобилдүүлүк программасынан өткөндүгү жөнүндө Батыш Чех университетинин сертификаттарына, билимдерин тастыктаган транскриптке ээ болушат. Билим алуу менен бирге Европанын башка мамлекеттеринде да болуп, алардын тили, маданияты, тарыхы, экономикасы, саясий түзүлүшү менен таанышып кайтышат», - деди ушул байланыштын демилгечиси, ОшМУнун 80 жылдыгын өткөрүү боюнча комитеттин башчысы Эрлан Камалов.

Учурда эки окуу жай жетекчиси тарабынан университеттер ортосунда өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, студенттерди, магистранттарды, докторанттарды академиялык мобилдүүлүк багытында алмашуу, окутуучуларды, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюлган.

2016-жылдан бери Батыш Чех университетинин академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде келген 26 студенти ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алып кетишсе, аталган университеттин философия жана искусство факультетинин деканы, Давид Шанц, т.и.д., профессор Павел Варжека, PhD Мартина Понизилова ОшМУда конок лекцияларды өтүшүп, археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, тажрыйба бөлүшкөн.

Ошол эле учурда келишим түзүлгөндөн бери ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 37 студенти жана 4 окутуучусу, тарых факультетинин 3 магистранты жана 2 окутуучусу Батыш Чех университетинде окуп, сабактарды өтүшүп, тажрыйба топтоп келишкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть