10:00 10 апреля 2019

ЖАМУнун студенттери жүрөккө операция жасашты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери кайрымдуулук акциясына катышышты. Тактап айтканда, госпиталдык терапия кафедрасынын 6-курсунун студенттери акциянын алкагында жүрөк оорулуулардын жүрөк кан тамырына ыкысыз стенд коюшту.

Аталган кафедранын окутуучусу Венера Орунбаеванын берген маалыматына ылайык, иш-чарага Сауд Арабиядан профессор Али Масуд жана анын ассистенти Абдулло Аззахраний да катышып, студенттерге жүрөк кан тамырларына стенд коюуну үйрөтүштү.

«Мындай иш-чаралар менен калктын ден соолугуна кам көрүү менен жаш дарыгерлерди кесипкөйлүккө үйрөтө алабыз. Учурда жүрөк оорулары күч алып жатканы талашсыз. Андыктан өз ишин мыкты билген өмүр сакчыларын даярдоо мезгил талабы.

Акцияны ТАЖКХИБнун мүдүрү, профессор Калдарбек Абдраманов уюштурган. Ал эми чет өлкөлүк дарыгерлер келишимдин негизинде келип, жүрөккө коюлуучу стенддер Бүткүл дүйнөлүк Ислам Лигасынан бекер алынып келинди», - дейт В. Орунбаева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть